Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Жакынкы Чыгыш реформага муктаж


Ансыз региондо кан төгүлгөн кагылыштар жана зобун-зомбулуктар тыйылбайт. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Детройтто өтүп жаткан экономикалык форумда ушундай деп билдирди. Палестиналыктарга террорду чындап ооздуктай алар өкмөт керек, деп айтты Пауэлл. Бул иште аларга кеңири бийлик-укуктарга эгедер премьер-министр зарыл. Палестин өкмөтүнүн жаңы жетекчиси, америкалык катчынын баамында, эл аралык “жол картасы” планын жүзөгө ашырганга жигердүү экенин азырынча көрсөтө албай жатат. АКШ менен арап өлкөлөрүнүн экономикалык форумунда Пауэлл региондун лидерлери менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн Жакынкы Чыгышты бейпил, эркин жана өнүккөн аймакка айлантууда активдүү жардамдашууга чакырды.

XS
SM
MD
LG