Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

МАГАТЭнин башчысы Иранды кайрадан тыгыз кызматташууга чакырды


Венада журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө Мохамед Ал-Барадейи ушундай шартта гана Иран өзүнүн атомдук аскерий программасы жоктугун далилдей ала тургандыгын белгиледи. Эгер жалпыга бирдей ядролук куралсыздануу программасын кынтыксыз сактабасак, анда акыры жүрүп көп өлкөлөр массалык апаат салчу куралдарга ээ болуп калары бышык, мунун өзү өзүн-өзү ойрондоо жолу экени талашсыз, деп айтты МАГАТЭнин башчысы. Евросоюз да Иран МАГАТЭнин резолюциясына баш ийбесе, анда Тегеран менен мамилесин өзгөртө тургандыгын эскерткен эле. Иран өкүлдөрү бүгүн мындай билдирүүнү опуза деп баалап, кескин четке какты.

XS
SM
MD
LG