Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Гейдар Алиев Азербайжанга кайтат


Азербайжандын президенти Гейдар Алиев оорусунан айыкты жана ал жакында мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Азербайжандын коопсуздук кызматынын башчысы Вагиф Ахундов билдирди. Анын айтымында, Гейдар Алиев өлкөдөгү саясий кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. 80 жаштагы Алиев июль айында АКШнын Кливленд шаарында ооруканага жаткырылган. Ал 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катталган.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG