Чечен администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Анатолий Попов Грозныйга кайтып келди. Ал өткөн ишембиде Гудерместе өзүн жаман сезип, андан кийин дарылоо үчүн Москвага жеткирилген. Алгач Попов ууландырылган деген маалымат чыккан эле. Бирок азырынча ал тастыктала элек. Бүгүн Чечен администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу өз жумушун кайра баштамакчы.