Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Демократиялык коопсуздук боюнча улуттук кеңешке мамлекеттик бюджеттен 597 миң сом каражат бөлүндү


БИШКЕК. Кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайында кабыл алынган Демократиялык кодекс англис тилинде чыгарууга даярдалууда. Бул тууралуу Демократиялык коопсуздук боюнча улуттук кеңештин президиумунун бүгүнкү жыйынында айтылды.
Бишкектеги ири базарларга кассалык аппараттарды киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомуна каршы чыккан соодагерлердин нааразылыгын териштириш үчүн бул жыйында жумушчу топ түзүлдү. Демократиялык коопсуздук боюнча улуттук кеңеш президент Аскар Акаевдин жардыгы менен быйыл 4-мартта түзүлгөн. Ага өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маселелерди кароо жана Демократиялык кодексти иштеп чыгуу тапшырылган. Жыйында премьер-министр Николай Танаев улуттук кеңештин ишмердүүлүгүн камсыз кылыш үчүн казынадан 597 миң сом бөлүү тууралуу токтом кол койгону маалым болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG