БИШКЕК. Бишкекте жайгашкан № 47-түрмөдө отургандар түрмө жетекчилигине нааразылык билдиришип, үч күндөн бери ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Мындай маалыматты Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелерин реформалоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марат Жаманкулов тастыктады. Анын айтымында, айыпкерлер түрмөнүн жаңы башчысынын мыйзам чегинде тартип орнотуу аракеттерине нааразы болуп жатышат, бирок алардын кандай талап коюп жатышканы белгисиз. Түрмөнүн башчысы Батыр Калыгулов айыпкерлердин талабы жана окуяга түрткү болгон жагдайлар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Бул түрмө - ар кандай оорулуу айыпкерлерди дарылоочу оорукана. Анда азыр ноокастаган 800 айыпкер бар. Август айында бул жерде жаткан айыпкерлерден эки кызматкер катуу токмок жеп, бири таяктын уусунан каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканада жатат. Айрым маалыматтарга караганда, нааразылыктын чыгышына ушул окуяны тергөө да түрткү болгон.