Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Алтай Бөрүбаев «Конституцияга ылайык бир адам эки гана мөөнөткө президент болуп шайлана алаарын» эскертти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал азыркы мамлекет башчысын кийинки мөөнөткө президенттикке шайлоо тууралуу да өз оюн айтты. «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 43-беренесинин биринчи пунктунда: «Кыргыз Республикасынын президенти беш жылга шайланат» деп, ошол эле берененин экинчи пунктунда: «Кыргызстанда бир адам эки мөөнөттөн ашуун президент болуп шайланууга укугу жок» деп жазылган. Бул тууралуу президент Аскар Акаев өзү да айткан», - деди Алтай Бөрүбаев. Анын пикиринде, 2005-жылдагы президенттик шайлоо өлкөнүн Башмыйзамына ылайык өткөрүлөт.
Мындан тышкары, А.Бөрүбаев В.И. Лениндин эстелигинин которулушу боюнча да өз пикирин ачыктады. «Лениндин эстелигин Бишкектин «Алатоо» аянтынан башка жерге которуу менен кыргыз өкмөтү да, Жогорку Кеңеш да мыйзам бузууларга барган. Анткени, кабыл алынган мыйзамды өлкөдөгү бардык бийлик органдары аткарууга милдеттүү», - деди Алтай Бөрүбаев. Бул маселе ушул айдын башында Мыйзам чыгаруу жыйынында төрт күн бою каралган. Көпчүлүк депутаттар кыргыз өкмөтү тиешелүү мыйзамды бузганын белгилешсе да, палата жыйынтыктоочу токтом кабыл алган эмес.

XS
SM
MD
LG