Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Түндүк Корея АКШны дагы бир ирет таң калтырды


Түндүк Корея өзөктүк кризисин жөндөө боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр алты жуманын аралыгында оң бүтүмгө келет деген ишеничин билдирди Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик секретарынын орун басары Жеймс Келли бүгүн.
Билдирүү Япониянын жана Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн Токиодо жабык эшик артында өткөн эки күндүк кездешүүсүнөн кийин жасалды.
Алты жума ичинде алты жактуу сүйлөшүүлөр улантылабы же Түндүк Кореяга ага кошулабы, ал тууралуу мырза Келли ооз ачпады.
Август айында Бээжинде өткөн кездешүүдө Түндүк Корея, Россия жана Кытайдын өкүлдөрү кайра жолугушалы деп макулдашып, бирок сүйлөшүү качан улантыларын белгилеп алышпаган.
Жеймс Келли Түндүк Корея соңку жасаган билдирүү АКШ үчүн күтүүсүз болгонуна көңүл бөлүп, мындай деди:

- Корея Элдик Демократиялык Республикасынын тышкы иштер министринин орун басарынын Улуттар Уюмунундагы сөзү бизди бир аз таң калтырды. Бул билдирүү биз мурда жасаган жарыядан анча-мынча айрымаланып турат. Биз, ага карабай, коопсуздуктун эң жакшы жолу өзөктүк куралдарсыз жетишиле турганына Түндүк Корея тарапты ишендирүү аракетин токтотпойбуз.

Кечээ күнү ырасмий Пхенян алты жакту сүйлөшүү аны кызыктырбай калганын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG