Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:13

Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин саламаттыгы оңоло баштады

Бул тууралуу аны дарылап жаткан америкалык дарыгерлер билдиришти. 80 жаштагы президент Алиев жүрөк, бөйрөк оорусунан жапа чегип, Түркияда дарыланган соң, 6-август күнү учак менен АКШнын Кливленд шаарындагы бейтапканага жеткирилген. Шаршембиде анын уулу, Азербайжандын премьер-министри Илхам Алиев атасынын ден-соолугу жакшырып баратканын жана ал жакынкы күндөрү Бакуга кайтып бараарын билдирген. Ата-бала Алиевдер Азербайжанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюшкан.
​
XS
SM
MD
LG