Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Финансы министри кассалык аппараттарды киргизүү тууралуу өкмөттүн чечимин түшүндүрдү


БИШКЕК. Бишкектеги «Дордой» базарында бир айда орто эсеп менен 200 млн. сомдук соода жүгүртүлөт. Былтыр бул базар улуттук бюджетке ай сайын 3 млн. сом салык төлөгөн. Ал эми кийинки айларда андагы административдик текшерүүнү күчөткөндө, өлкө казынасына төлөнүүчү салыктын өлчөмү 8 млн. сомго жеткен. Эгерде базарга кассалык аппарат орнотула турган болсо, мамлекеттин эсебине төлөнүүчү салыктын өлчөмүн айына 80 млн. сомго чейин жеткирүүгө болот. Бүгүнкү басма сөз жыйынында финансы министри Болот Абилдаев ушундай маалымат берди. Өлкөнүн ири базарларындагы контейнерлерге кассалык аппарат орнотуп, соодагерлерди салык төлөтүү тууралуу өкмөттүн токтомуна Бишкектеги «Дордой», «Ортосай», «Аламүдүн» «Ош» базарларынын соодагерлери нааразы болуп, үч күн бою иш ташташты.

XS
SM
MD
LG