БИШКЕК. Быйылкы жылдын башында Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд. 776 млн. доллар болгон. Ал эми сентябрь айына анын өлчөмү 1 млрд. 638 млн. долларды түздү. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов билдирди. Бул жыйынга катышкан финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, барган сайын Кыргызстандын тышкы карызы азаюуда. Маселен, 1998-99-жылдары өлкөнүн тышкы карызы ички дүң жыйымга карата 150% түзсө, азыр мындай катыш 92,7% түзөт.