Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АКШнын элчиси Акыйкатчынын Ф.Кулов, ислам дини, «хизбуттахрирчилер» тууралуу оюна кызыкты


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр түрмөдө жаткан жетекчиси Феликс Кулов Акыйкатчы институтуна кайрыла элек. Иши Жогорку жана Конституциялык соттордо каралып бүткөндөн кийин саясатчы мыйзам чегинде кайрылса, Акыйкатчы анын арызын карашы мүмкүн. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг менен жолугушуу учурунда ушундай маалымат берди. Бакир уулунун айтымында, анын мекемеси «Моя столица» гезитинин, Кытайдын «Фалунь Дафа» тобунун арыздарын караган жана аксылык 18 аялдын ачкачылыгын токтотууга жетишкен.
Акыйкатчы менен элчи жолугушуу учурунда исламдын Кыргызстандагы орду, «Хизб-ут-тахрир» уюму жөнүндө да сөз кылышты. Т. Бакир уулу динге ишенүүчүлөр менен террорчуларды чаташтырбаш керек экенин белгилеп, «хизбуттахрирчилерди» адашкан мусулмандар катары баалады.

XS
SM
MD
LG