Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Аскар Акаев БУУнун сессиясында сөз сүйлөдү


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын АКШдагы иш сапары уланууда. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн А.Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясына катышып, сөз сүйлөдү. Ал БУУнун эл аралык терроризм менен күрөшүүдөгү олуттуу ролуна токтолуп, жыйындын катышуучуларына Кыргызстанда болуп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.
Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Аскар Акаев БУУнун баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушуп, ага Кыргызстандын эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга катышкандыгын тастыктаган грамота тапшырат. А.Акаев 3-октябрдан 9-октябрга чейин Францияга иш сапары менен барат.

XS
SM
MD
LG