МОСКВА. Орусиянын өкмөтү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 50 миллион рубль бөлдү. Алтай республикасын келген Орусиянын чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу биринчи кезекте ооруканалар менен мектептерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү керектигин билдирди. Жер титирөөнүн натыйжасында Алтай чөлкөмүндө 2 миңдей турак үй кыйраган, же олуттуу зыянга учураган. 1800 дөй киши, анын 400дөйү балдар, үй жайсыз калды.