Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

АКШлык өкүлдөр Пакистанга болчу визитин кийинкиге калтырышты


ИСЛАМАБАД. АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Ричард Армитж менен министрдин жардамчысы Кристина Росса Пакистанга пландаштырылган визиттерин техникалык себептерден улам кийинкиге калтырышты. Бул жөнүндө билдирген Пакистандын тышкы иштер министрлиги визиттин графиги жакын арада кайра тактала турганын айтат. АКШлык өкүлдөр Пакистанга бүгүн келип, андан соң Ооганстанга сапар алышмак. Анын аралыгында, кабар агенттиктери Пакистандын аскерлери “ал-Каида” террорчулары деп шектелген куралчан согушкерлер менен кагылышканын маалымдашат. Пакистандын аскердик командачылыгынын өкүлү генерал-майор Файзал Алави согушкерлер кечээ кечиндеги уруштан кийин багынып беришкенин айтты. Алави согушкерлердин Ооганстандан Пакистандын аймагына өтүп келишкенин көргөндөр бар экенин кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG