Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Кечээ кечинде Ооганстанда болгон салгылашууда 10 өкмөттүк солдат курман болду


КАНДАГАР. Кечээ кечинде Ооганстандын аскерлери менен талибан согушкерлеринин салгылашуусунда 10 өкмөттүк солдат курман болду. Кандагардагы атайын аскердик бөлүктөрдүн командачысы генерал Атта Мохаммаддын айтымында, Неш деген жерден 16 согушкерден турган талибдер тобу өкмөттүн аскердик кербенине кол салып, 10 солдатты өлтүрүп кетишкен. Кол салууда аскерлердин автокербени менен бараткан эки бала да курман болгон. Ооганстандын түштүк жана түштүк – чыгыш чөлкөмдөрүндө “ал-Каида” террорчулары менен талибандардын калдыктарынын кол салуулары басылбай келет.

XS
SM
MD
LG