Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Бүгүн МАГАТЭнин өкүлдөрү Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү баштады


ТЕГЕРАН. Бүгүн МАГАТЭнин өкүлдөрү Иран жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Алардын максаты Ирандын ядролук программасы бар деген шектенүүлөрдү таныктоо же төгүнгө чыгаруу. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иранга 31-октябрга чейин мөөнөт берип, өлкөнүн ядролук курал чыгарууга аракеттенбегенин бышыктап берүүсүн талап кылган. Сентябрь айында МАГАТЭ Ирандагы эки объекттен атомдук курал чыгарганга жарактуу уран табылганын кабарлаган эле. Иран анын ядролук программасы электр кубатын чыгаруу гана максатын көздөгөнүн, табылган уран чет элден сатылып алынганын билдирет. Эгерде Иран МАГАТЭнин талаптарын аткара албаса, маселе Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюулуп, Кеңеш Иранга санкция жарыялашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG