Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Израил Батыш жээкте жөөттөр үчүн 600 турак үй курат


ИЕРУСАЛИМ. Израил Батыш жээкте жөттөр үчүн 600 турак үй курууну чечти. Бул чечим тынчтык планына каршы келет. Израил өкмөтүнүн өкүлү Коби Блейхтин айтымында, курулуш өкмөттүн калкы отурукташтыруу саясатына ылайык келет жана калктын өсүшүнө байланыштуу ишке ашырылат. Кечээ болсо Израилдин өкмөтү Израил менен палестин аймактарын бөлгөн дубалды тургузууну улантуу жөнүндө чечим чыгарган. Дубалдын айрым бөлүктөрү палестин аймактарына тереңдеп кирет, ошондуктан бул чечимге нааразы болгон палестин жетекчилиги Жакынкы Чыгыш боюнча төртилтик ортомчу топтун жагдайга токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылган. Палестин жетекчилиги Израилди тынчтык планын караманча кыйратып, жок кылууда деп айыптайт.

XS
SM
MD
LG