БАГДАД. Ирактын эл-Фаллужа шаарында ок атышуу болуп, андан бир киши өлүп, 4 киши жарадар болду. эл-Фаллужанын шаар акимчилигинин имаратында турган АКШлык аскерлерге бирөөлөр ок ачкан жана андан башталган ок атышууда кол салгандардын бирөө курман болду. Аткылашуу учурунда эки ирактык полицей жана жергиликтүү эки аял жараат алды. Анын аралыгында, АКШ Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн кароосуна Ирак боюнча жаңы резолюциянын долборун сунуш кылды. Документте БУУнун Ирактагы ролун жогорулатуу каралган, бирок өлкөдөгү процесcттерге көзөмөл жүргүзүү АКШнын колунда кала берет.