Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Илхам Алиев президенттик мандатты жеңип аларына ишенет


Бакуга танапташ райондордун бириндеги жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө ал атасы Гейдар Алиевдин шайлоого катышуудан баш тартканына өкүнгөнүн билдирди. Бирок, деп айтты ал, президенттин ден соолугу буга чын эле мүмкүндүк бербейт. Кичи Алиев элдин колдоосу менен алдыдагы шайлоодо президенттик мандатты утуп аларына ишенич билдирди. Гейдар Алиев кечээ шайлоодон баш тартып, өлкөнүн калкын уулу Илхамды колдоого чакырган эле. Алиев элге кайрылган катында өз уулун “саясий мураскер” деп атап, ага өзүнө ишенгендей эле ишене тургандыгын белгилеген. 15-октябрга белгилеген шайлоодо кенже Алиевден тышкары дагы беш кандидат Азербайжандын президенттигине ат салышат.

XS
SM
MD
LG