Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Римде бүгүн Евросоюздун коргоо министрлери жыйын өткөрүштү


Аскери мекемелердин башчылары союздун куралдуу күчтөрүнүн штаб-квартирасын НАТОнун Брюселлдеги баш кеңсесинен бөлөк жерге жайгаштыруу сунушун талкуулашты. Бул идеяга Франция, Германия, Белгия жана Люксембург демилгечи болушту. Аталган төрт өлкө тең Ирактагы согушка каршы чыгышкан эле. Алардын пикири боюнча, өзүнчө аскерий штаб квартиранын түзүлүшү союздун куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейткенге өбөлгө болмокчу. АКШ менен Британия болсо мындай кадам НАТОнун биримдигине коркунуч келтирет деп эсептешет. Союзга ушу тапта төрагалык кылып жаткан Италия бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө мунасалуу вариант катары союздун ыкчам аракеттеги күчтөрүнүн операцияларын пландоо боюнча атайын топ түзүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG