Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Президент Жорж Буш Ирактагы режимдин коркунучу болгон деп ырастады


Дэвид Кэйдин тобу даярдаган алгачкы доклад Саддам Хусейн ООНдун коопсуздук кеңешинин резолюциясын тоготпогондугун жана ушунусу менен реалдуу коркунуч түзгөнүн көрсөттү, деп айтты Буш. Хусейнге массалык кыргын куралдарын жок кылганга жетерлик убакыт берилгенин эске салып, бул талаптарды ал аткарбады, ошондуктан ал бийликтен кулатылды, бул жалпы дүйнө үчүн жакшы иш болду, деп кошумчалады Буш. Британ тышкы иштер министри Жек Стро да бүгүн ушундай көз карашын билдирип, Ирактан апаат куралдар табылат деп ырастады. Конгресстин эки палатасындагы комитеттердин жабык жыйынында кечээ отчет берип, америкалык аскерий эксперттердин башчысы Дэвид Кэй Ирактан азырынча массалык кыргын салчу куралдар табылбагандыгын, бирок аларды издөө улантылып жаткандыгын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG