Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Ирактын конституциясын эл шайлаган атайын комиссия даярдоого тийиш


Андан соң негизги мыйзам референдумга чыгарылышы керек. Бул жөнүндө ирак шийиттеринин мурдагы лидери, аятолла ал-Хакимдин бир тууган иниси Абдел Азиз бүгүн Нажаф шаарындагы диний жыйында билдирди. Бул жерде миңдеген шийиттер аятолла Мохаммад Бакр ал-Хакимдин кыркын өткөрүштү. Ал-Хаким шийиттердин эң ири партиясын – ислам революциясынын жогорку кеңешин – жетектеген жана быйыл августтун этегинде Нажафтагы мечитте жарылган бомбадан набыт болгон. Аны менен бирге 82 адамдын өмүрү кыйылган. Бул окуя үчүн азырга чейин жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бүгүнкү диний иш-чарага Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, ислам сүннү партиясынын жана Күртстан патриоттук союзунун жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG