ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Токтогул ГЭСинин жумушчулары май айынан бери аларга эмгек акы төлөнө электигин кабарлашты. Гидрокуруучулар бул тууралуу өкмөткө бир нече жолу кайрылышса да жыйынтык чыкпай келет. Эмгек акынын кечигишин 1300 жумушчу иштеген «Токтогул ГЭСи» каскадынын жетекчиси Саадам Момукеев электр энергиясынын жазында аз сатылышы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, ГЭСте иштегендерге апрель айынын жарым айлыгы таратылып жатат. Облустук акимчиликтен алынган маалыматка караганда, гидрокуруучулардын айлыгы «Электрстанциялар» акционердик коому акча которбогондуктан улам кечигүүдө.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар - Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар - Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов