БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстанга 10 млн. 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит бермек болду. Ал Кыргызстандын эң жарды облустарындагы жаш балдардын ден соолугуна, тамак-ашына жана алардын билим деңгээлин өнүктүрүүгө жумшалат. Кредит алгачкы 8 жылга 1%, андан соң 1,5% үстөк баа менен 32 жылга берилди. Кредитти иштетүү жана аны турмушка ашыруу президенттик администрация тарабынан көзөмөлдөнөт.