Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

«Демократиялык күчтөрдүн альянсы» коррупцияга каршы күрөшөөрүн билдирди


БИШКЕК. «Атуулдук коомду коррупцияга каршы күрөшкө кантип даярдаш керек?» деген маселе бүгүн Бишкекте өткөн «тегерек үстөлдө» талкууланды. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өткөн бул жыйынга парламенттин, өкмөттүн жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкуу учурунда уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова жаңы түзүлгөн «Кыргызстандын демократиялык күчтөрүнүн альянсынын» максат-милдеттери тууралуу айтып берди. Альянска өлкө боюнча 14 уюмдун мүчөлөрү кирип, 660 волонтер тартылды. Алар аймактарда ачылган 22 бөлүмдө иш алып барышат. Альянс өз ишмердүүлүгүн чагылдырып туруу максатында интернетте өз баракчасын ачты.

XS
SM
MD
LG