Азербайжандын лидери саламаттыгына байланыштуу, өз уулунун пайдасына шайлоодон четтей бергени Кыргызстандык саясатчылар арасында ар кыл пикирлерди жаратты. Алардын көбү Азербайжандагы бийликти өз ара алмаштыруу амалы келечекте Борбор Азия өлкөлөрүндө кайталанышы ажеп эмес, буга азыркы президенттер гана эмес, өлкөлөр аралык мамилелер да өбөлгө болот деген пикирде. "Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын" төрайымы Т.Үмөталиева мамлекетти башкаруу кызматын ата-бала кезектешип аркалаганы, же чоң саясаттагы династиялык көрүнүштөр - демократиянын очогу эсептелинген АКШнын тажрыйбасында да бар экенин белгилейт.
Гейдар Алиевдин шайлоодон баш тартканы Кыргызстанда "күтүүсүз окуя" катары кабылданган жок