Римде эки күндүк жыйынга чогулган министрлер Франция, Германия, Бельгия жана Люксембург сунуш кылган бул маселени жума күнү негизинен макулдашып бүтүп калганы маалымдалды. НАТОго баш ийбеген Евробиримдиктин аскерий кеңсесин ачуу - акырындап Европанын өзүнчө аскерий мекесинин түзүлүшүнө алып келет деп, сунушка Италиянын министри каршы чыкса, анын грекиялык кесиптеши жаңы аскерий мекеме НАТО менен тыгыз байланышта болот деп белгиледи.