Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

Президент Буш Ирактагы согуш бекер жерден башталбаганына басым жасоодо


АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы америкалык инспекторлордун алгачкы доклады - Саддам Хусейн куралсыздануу жөнүндөгү талаптарды аткарбаганын тастыктайт деп билдирди. "Бул доклад Саддамдын бийлигинин көмүскө биологиялык лабораториялары болгонун, ал жерлерде кооптуу ботулин өндүрүлүп, тыюу салынган баллистикалык ракеталар даярдалганын ырастайт", - деди Жорж Буш. Иракта кеңири кыруучу курал издеп жаткан АКШлык инспекторлордун башчысы Девид Кэй кооптуу курал азырынча табылбаганын, бирок айрым колго тийген согуштук жабдыктар Саддамдын опурталдуу программасы болгонун ырастайт деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG