Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Чеченстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда эртеңки президенттик шайлоого байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Грозныйда, өкмөттүк имараттарга жакын турган Старапромыслов шоссеси толугу менен буулду. Шаарда жүк ташыган автоунаалардын кыймылына тыйуу салынды. "Северный" базары милициянын тосмосуна алынды. Түн жарымдан кийин үгүт иштери толук токтотулду. Эртең боло турган шайлоо бюллетендерине 7 талапкердин ысымдары киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылкерим Арзаханов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 6-чы, ал эми толук жыйынтыгы 8-чи октябрда чыгарыла турганын билдирди. ИТАР ТАСС кабар агенттиги бүгүн шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Исламдык Конференция Уюмунун өкүлдөрү Москвадан Грозныйга жөнөп кеткенин билдирет.

XS
SM
MD
LG