ИСЛАМАБАД. Пакистандын президенти Первез Мушарраф диний экстремисттерге өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирүүгө жол бербей турганын билдирди. Кечээ Исламабадда сүйлөгөн сөзүндө Мушарраф Пакистан бийликтери диний экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү үчүн ири күчтөрдү мобилизациялаганын билдирди. Жума күнү Карачи шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска жоон топ куралчан киши кол салып, 6 шиит мусулманды өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылган. Кол салуунун жоопкерчилигин эч ким өзүнө алган жок, бирок бийликтер кол салуунун артында сунни мусулман экстремисттери турганынан шектенет.