РИМ. Бүгүн Еврошаркеттин коргоо министрлери Боснияда тынчтык орнотуу миссиясын НАТОдон өткөрүп алууга макулдашты. Римдеги жыйында Европанын бейпилдик күчтөрүнө командачылык кылуу вазыйпасын Британия өзүнө алууну сунуш кылды. Босниядагы тынчтык миссиясы Еврошаркеттин алкагында түзүлгөн аскердик структуранын эң алгачкы ири операциясы болмокчу. АКШ адегенде тынчтык миссиясын Европага өткөрүп берүү эртелик кылат, деп каршы болгон. Бирок Италиянын коргоо министри Антонио Мартино АКШ буга каршы чыкпайт, анткени бул чара Американын Европадагы аскердик базаларынын кыскаруусуна алып келет деп билдирди.