Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Римде Еврошаркеттин алгачкы Конституциясы талкууланып жатат


РИМ. Бүгүн Рим шаарында 28 өлкөнүн жетекчилери Еврошаркеттин алгачкы Конституциясын талкуулап жатышат. Уюмга жаңы мүчөлөрдү интеграциялоо жөнүндө таратылган билдирүүдө самиттин катышуучулары уюмдун кеңейтилүүсү аны руханий жана маданий жактан байытат деп белгилешти. Конференцияны ачуу сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони
уюмдун алдында дүйнөлүк маанидеги максаттар турганын айтты:
- Дүйнө түрдүү коркунучтарга дуушар болуп, адамзатка жаңы талап койулуп жаткан бүгүнкү күндө бизден иш чаралар гана эмес, дүйнөлүк маанидеги аракеттер талап кылынат. Бул бизге койулган талап эле эмес, алдыбызда ачылып жаткан чоң мүмкүндүк.
Конференцияга уюмдун азыркы 15 мүчөсү, келерки жылы мүчө боло турган 10 өлкө, ошондой эле, уюмга кирүүгө талапкер Румыния, Болгария жана Түркия катышуда. Еврошаркетти башкаруу маселелери самиттин көңүл борборунда болот.

XS
SM
MD
LG