Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Ысыккөлдө мугалимдердин абалы начар


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук билим берүү башкармасынын жетекчиси Аскар Бакировдун айтымында, айыл жеринде мугалимдерге жакшы шарт түзүлбөгөн себептүү облус боюнча ушул тапта 200дөн ашуун адистер жетпейт. Ошондой эле, окуу куралдарынын, өзгөчө, кыргыз тилиндеги китептердин тартыштыгы көйгөйлүү маселеге айланды. Облустагы 192 мектептин жетөө гана Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен ремонттолду. Абалдын оорлугун ушундан билсе болот - акыркы 12 жылдан бери мектептер үчүн керектүү жабдуулардын дээрлик 95% жаңыртыла элек.

XS
SM
MD
LG