БИШКЕК. Сентябрь айында Кыргызстандагы «Социнформбюро» социологиялык кызматы өлкө аймагында сурамжылоо жүргүзүп, «Сиз кайсы саясий партияны билесиз?», «Кайсы партияга ишенесиз?» деген эки суроого жооп алган. Сурамжылоого катышкандардын 35% «Арнамыс» партиясын билишээрин, ал эми 25,2% Кыргызстан коммунистер партиясын жана 24,8% «Атамекен» партиясын билээрин айтышкан. Сурамжылоого катышкандар «Эркин Кыргызстан», «Асаба» жана «Менин өлкөм» партияларын да белгилешкен. Сурамжылоого өлкөнүн бардык аймагындагы жашаган ар түрдүү улуттагы, ар кандай курактагы 900 адам тартылган.