Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

«Менин өлкөм» партиясы парламенттик шайлоодо 75 округда тең ат салышмакчы


БИШКЕК. «Менин өлкөм» партиясы Чүй райондук жана Токмок шаардык кеңешине депутаттыкка шайланган мүчөлөрүнүн күчү менен аталган кеңештерде «Оң ордо» фракцияларын түзүштү. Бул фракциялар партиянын Жогорку Кеңештеги «Оң ордо» фракциясынын тутумунда болот. Бул окуяга байланыштуу партиянын координаторлорунун бири Галина Куликова менен координациялык кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту. Галина Куликованын маалыматына караганда, партиянын дагы эки мүчөсү Каракол шаардык кеңешине депутат болуп шайланышкан. Ош облусунда өтөөрү күтүлүп жаткан жергиликтүү кеңештерге партиядан тогуз талапкер көрсөтүлдү. Партиянын мындай аракеттери парламенттик шайлоодо бардык 75 округдан тең өз мүчөлөрүн Жогорку Кеңешке депутаттыкка катыштыруу максатында жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG