Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Кыргызстанга Саксониянын юстиция министри келет


БИШКЕК. 5-октябрда алты күндүк иш сапары менен Кыргызстанга Федералдык төмөнкү Саксониянын юстиция министри Хайстер Нойман айым жетектеген делегация келет. Юстиция тармагындагы мындан аркы кызматташтык багыттарын талкуулоо максатында делегация мүчөлөрү Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева, 1-вице премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов жана вице премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушат. Иш сапары учурунда төмөнкү Саксония менен Кыргызстандын юстиция министрликтеринин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты.

XS
SM
MD
LG