Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

«Арнамыс» партиясы жана бейөкмөт уюмдар Франциянын президентине кат жолдошту


БИШКЕК. «Акыркы жылдарда Кыргызстанда бийликке сын айткан саясатчылар куугунтукка алынып, камалып, эркин басылмаларга каршы сот иштери козголуп, алар жабылууга дуушар болууда. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн референдумда Аскар Акаев өзүнүн жеке бийлигин мыйзамдаштырууга жетишти. Аскар Акаевдин 13 жылдык башкаруусунун жыйынтыгында Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча КМШда биринчи орунга чыгып, эл болуп көрбөгөндөй жакырланды». Ушундай мазмундагы ачык катты президент Аскар Акаевдин Францияга иш сапарына байланыштуу «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, Демократияны өнүктүрүү жана «Сактоо» фонддору Франция президенти Жак Ширакка жолдошту. Кайрылуу ээлери Франциянын мамлекет башчысынан президент Аскар Акаевдин адам укугу жаатында эл аралык коомчулуктун алдындагы милдеттемелерин сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө аткарышына таасир этүүнү суранышкан. «Бул багыттагы биринчи кадам катары «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду түрмөдөн бошотуу керек» деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG