Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:49

Аскар Акаевдин Франциядагы иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы Америка Кошмо Штаттарынан Францияга келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аскар Акаев 6-октябрда ЮНЕСКОнун жыйынына катышып, сөз сүйлөйт. Андан соң Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугат. Иш сапары учурунда эки өлкөнүн коргоо министрлери Эсен Топоев менен Мишель Аллио–Мари эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү өткөрүшөт. Кыргыз делегациясынын Францияга иш сапары 9-октябрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG