Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

АКШнын дипломаттары Ооганстанда


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитж бүгүн Пакистандан Ооганстанга келди. Ал Кабулда президент Хамид Карзай менен жолугушуп, Талибан жана «ал –Кайида» топторуна каршы күрөш маселесин талкуулашат. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Кристина Россанын коштоосунда жүргөн Ричард Армитж Ооганстандан Пакистанга кайра келип, бул өлкөнүн лидерлери менен террорго каршы күрөштө, Ирак жана Ооганстанды калыбына келтирүүдө кызматташуу маселелерин талкуулайт. Ооганстанда болсо талиптердин чабуулу уланууда. Ооган бийлигинин бүгүнкү маалыматы боюнча, Гелменд вилайетиндеги чабуулдан эки өкмөттүк аскер каза, үчөөсү жарада болду.

XS
SM
MD
LG