Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Европа Биримдиги Конституциянын долбоорун талкууну улантат


Европа Биримдигинин конституциясы боюнча сүйлөшүүлөр ушул жылдын аягына чейин улантылат. Бул тууралуу Римде өткөн сүйлөшүүдө Биримдиктин азыркы төрагасы Италия премьер-министри Сильвио Берлускони билдирди. Римдеги сүйлөшүүгө Биримдиктин 15 мүчөсүнүн жана келерки жылы кабыл алына турган 10 мамлекеттин өкмөттөрү катышты. Испания жана Польша баштаган чакан мамлекеттер конституциянын долбоору өзгөртүлүп, анда алардын укуктары кысымга алынбаш керектигин билдирүүдө. Ал эми Германия, Италия жана Франция долбоорду өзгөртүүгө каршы чыгууда. Алар өзгөртүүдөн кийин орток пикирге келүү кыйын болоорун эскертүүдө. Немис канцлери бул тууралуу мындай деди:
Туура, долбоорду талкуу адилеттүү эле эмес, колдоого аларлык. Бирок жетишилген консенсусту бузуу, жаңы мунасаны табууну кыйындатат.
Европа Бирмдигинин конституциясынын долбоору талкууланып жаткан учурда антиглобалисттер Рим полициясы менен кагылышты. Андан эки тараптан тең жабыркагандар болду.

XS
SM
MD
LG