Ирактын мурунку армиясынын аскерлери акыркы айлык акыларын төлөп берүү талабы менен нааразылык акцияларын бүгүн улантышты. Нааразылык акциясына чогулган эки жүздөй ирактыктар Багдадда америкалык аскерлер мененк кагылышты. Ушундай эле кагылышуу бүгүн Басра шаарында мурунку ирактык аскерлер менен британ аскерлеринин ортосунда да орун алды. Андан жабыркагандар бар экендиги кабарланууда. Ирактын бул эки шаарында нааразылык акциясы кечээ күнү башталган жана коалициялык күчтөр менен кагылышууларда эки ирактык набыт болгон.