Бритаиянын премьер-министри Тони Блэрдин өкүлдөрү өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Робин Куктун билдирүүсүн четке какты. Робин Кук жаңыдан жазган китебинде, Ирактын аскерий жактан алсыз экендигин жана 45 минута ичинде массалык кыргын салуучу куралын күжүрмөн даярдыкка алып келе албасын Тони Блэр билген деп белгиленген. Премьер-министрдин маалымат кызматынын өкүлү Куктун мындай билдирүүсүн "абсурд" деп атады. Робин Кук Ирак согушуна каршы болуп, март айында өкмөттөн кеткен. Анын китебинин үзүндүлөрүн британиялык «Санди таймс» гезити басып чыкты.