Израилдин тик учмалары Газа тилкесине да бүгүн эрте менен чабуул жасады. Андан жабыркагандар жөнүндө кабар түшө элек. Бул кечээ күнү Хайфа шаарында жанкечтинин бомба жардыруусуна жооп болду. Хайфадагы террордук чабуулдан 19 жөөт жараны набыт, 50 ашууну жарадар болгон эле. «Ислам жихады» уюму жардырууну уюштурганын мойнуна алып, аны агасы Израил аскерлеринин колунан набыт болгон кыз жүзөгө ашырганын билдирди. Израилдин саламаттык сактоо министри Дэн Навех Хайвадагы жардырууга Палестин лидери Ясир Арафат күнөөлүү деп билдирди: Буга Арафат жоопкерчиликтүү. Ал террордук чабуулду токтотууга эч нерсе жасаган жок. Тескерисинче, ал террорго жашыл жарык берүүдө. Ошондуктан баш аламандыктын күчөшүнө Арафат жоопкерчиликтүү.
Израил аскерлери жардырууну жасаган кыздын үйүн талкалашты.
Израил аскерлери жардырууну жасаган кыздын үйүн талкалашты.