Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Израилдин соккусунан кийин Сирия Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды


Израилдин аскердик аба күчтөрү бүгүн Сириянын борбору Дамаск шаарына жакын жерге Хайвадагы жардырууга жооп иретинде сокку урду. Жөөт тараптын билдирүүсүнө боюнча, сокку «Ислам Жихады» жана «Хамас» уюмдарынын Сириядагы машыктыруу лагерлерине урулду. Ал эми Сириянын тышкы иштер министри Фарук ал-Шаа Улуттар Уюмуна кайрылып, Коопсуздук Кеңештин жыйынын чакырууну талап кылды. Сирия кайрылуусунда, Израилдин чабуулу жарандык аймакка жасалганын жана ал Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ого бетер курчутаарын билдирди. Израилдин Сирияга чабуулун Египет президенти Хосни Мубарак, Германия канцлери Герхард Шрөдер жана Палестин бийлиги айыптады. Бирок Тель-Авив, эгерде террорчуларды колдоо улантылса Сириянын аймагына жаңы чабуул жасалаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG