БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баш болуп кечээ Францияга расмий иш сапары менен барган кыргыз делегациясы бүгүн Париждин Версаль сарайы, Лувр музейи сыяктуу кызыктуу жерлерин көрүштү. Ушул эле күнү президент А.Акаев Ханзаада Агахан менен Агахан фондунун Париждеги кеңсесинде жолугушту. Эртең президент А. Акаев Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугушмакчы. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө пикир алмашат. Мындан тышкары, эртең президент А. Акаев ЮНЕСКОнун Башкы Жыйынынын отурумуна катышып, сөз сүйлөйт. Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосунда маданий мурасты коргоо боюнча макулдашууга кол коюлат. А.Акаев баштаган делегация эртең Сорбонна университетинде да болуп, анын студенттери менен жолугушат.