Бул тууралуу Бириккен Улуттардын Адамдарды отурукташтыруу программасынын отчётунда айтылат. Ага караганда, келерки 17 жыл ичинде чоң шаарлардын жарды-жалчылар отурукташкан жакыр оодандарында 1 миллиард киши, же дүйнө элдеринин ар бир алтынчысы жашап калат. Мындай оодандарда адатта таза суу, эң жөнөкөй тейлөө кызматтары жок, турак-жайлар курулуш эрежелерин одоно бузуу менен тургузулган жана калк жыш жашайт.
Отчётко ылайык, мындай оодандардагы тургундардын көбөйүшүн токтотуу үчүн шаар бийликтери, борбордук өкмөттөр, жарандык коом жана эл аралык коомчулук чогуу-чараң иш-жүргүзүшү абзел.
Отчётко ылайык, мындай оодандардагы тургундардын көбөйүшүн токтотуу үчүн шаар бийликтери, борбордук өкмөттөр, жарандык коом жана эл аралык коомчулук чогуу-чараң иш-жүргүзүшү абзел.