БИШКЕК. Соңку беш жылда НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» илимий программасынын алкагында Кыргызстанда 2,5 млн. доллардык 19 илимий долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында ушул программанын жетекчиси Вальтер Каффенбергер журналисттерге билдирди. Анын айтымында, НАТОнун бул программасына ылайык дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы химия, биология, айыл чарба жаатында иликтөө жүргүзгөн окумуштууларга грант берилет. Мындан тышкары, дүйнө жүзүндөгү окумуштуулардын башын бириктирип, алардын өз ара кызматташтыгын арттырууга материалдык колдоо көрсөтүлөт. Жылына НАТОнун бул программасына 20 млн. евро бөлүнөт. Кыргызстан НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына 1994-жылы кирген.