Калифорниянын тургундары бүгүнкү добуш берүүнүн учурунда штаттын азыркы губернатору Грэй Девисти ээлеген кызматында калтыруу же калтырбоо маселесин чечиши керек. Эгер калифорниялыктардын көпчүлүгү ага каршы добуш беришсе,135 талапкердин ичинен эң көп добуш топтогону штаттын жаңы губернатору болуп шайланат. Демократиялык партиянын өкүлү Дэвис Грей экономиканы башкара албай калганы үчүн күнөөлөнүп, аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселеси жалпы элдик добуш берүүгө коюлуп олтурат. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Калифорниянын губернаторлук кызматында Дэвис Грейди атактуу киноактер Арнольд Шварцнеггер алмаштырарын көргөзүүдө. Шайлоо кампаниясынын соңку күндөрү Шварцнерггер кезинде аялдарга орой мамиле жасаганы үчүн айыпталды.