Президент Жорж Буштун билдиргенине караганда, "Иракты стабилдештирүү тобу" деп аталуучу уюм АКШнын бул өлкөдөгү иштерге тартылган түрдүү мекемелеринин аракетин координациялап, Пентагонго жана Багдаддагы америкалык администрациянынг башчысы Пол Бремерге колдоо көргөзөт. Топту президенттин Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Кондолиза Райс жетектемекчи. Аталган уюм АКШнын Ооганстандагы иштерине да көңүл бурат.